Курс USD 85.73 / 86.22
Курс EUR 86.90 / 87.84
Курс RUB 5.324 / 5.375
Курс KZT 0.161 / 0.229
USD USD
85.73 / 86.22
EUR EUR
86.90 / 87.84
RUB RUB
5.324 / 5.375
KZT KZT
0.161 / 0.229

Турак жайды ипотека менен алгачкы төлөмсүз сатып алуу реалдуу!

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Кепилдик фонд» ААКсы аркылуу дагы эки жаран алгачкы төлөмү жок жеке турак жайдын ээси болушту. Ипотекалык турак жай Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сатылып алынды.
Турак жайды ипотека менен алгачкы төлөмсүз сатып алуу реалдуу!

Эки кыймылсыз мүлктү сатып алууга берилген ипотекалык насыянын суммасы 4,3 миллион сомду түзсө, алгачкы төлөмдү төлөө үчүн берилген эки кепилдиктин суммасы 434 миң сомдон ашты.

Ипотекалык турак жайды баштапкы төлөмсүз сатып алуу мамлекеттик турак-жай программалары биринин алкагында 2022-жылдын 13-декабрында «Кепилдик фонд» ААКсы, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы жана «РСК Банк» ААКсы ортосунда ипотекалык кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин ишке ашты.

Бул келишим ипотекалык турак жайды сатып алууну каалаган, бирок милдеттүү шартты аткарууда кыйынчылыктарга дуушар болгондорго – турак жайдын наркынын 10%дан 20%га чейинки баштапкы төлөмдү жүргүзүү үчүн «Кепилдик фонд» ААК тарабынан кепилдик колдоо көрсөтүү.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган келишимдин алкагында, 2023-жылы «Кепилдик фонд» ААКсынын дээрлик 28 миллион сомдук колдоосунун аркылуу республиканын 107 тургуну баштапкы төлөмсүз ипотекалык турак жайдын ээси болушкан.

1063
2024-05-14T10:43:32+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.