Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Минкабдын кеңешмесинде пенсияларды индексациялоо боюнча маселе талкууланды

Министрлер кабинетинде кезектеги аппараттык кеңешменин жүрүшүндө бир катар актуалдуу социалдык маселелер талкууланды, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы каралды.

Минкабдын кеңешмесинде пенсияларды индексациялоо боюнча маселе талкууланды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Министрлер кабинетинен билдиришти. 

КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. 

Индексациянын коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, башкача айтканда 20 пайызга белгиленди.

«8 800 сомго чейинки пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүгүн орточо жогорулашы 141%ды түзөт, ал эми 8800 сомдон жогору пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүктөрүнүн жогорулашы 120% ды түзөт. Индексациянын натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми орточо жогорулоо 1 753 сомду же 116% ды түзөт»,- деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Буга чейин мындай маалыматты президенттик администрациядан билдиришкен.  

Бул маселе боюнча Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевге индексация боюнча бардык эсеп-кысаптарды, каржылык камсыздоону жана пенсионерлерге төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча толук даярдык жүргүзүү, ошондой эле жарандардын арасында кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруу тапшырылды.

Күн тартибинин дагы бир маанилүү маселеси республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын келе жаткан окуу жылына даярдыгы болду. Адылбек Касымалиев өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин учурдагы даярдык абалын тез арада тактоо зарылдыгын белгиледи.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.