«Кепилдик фонду» ААКсы ишмердүүлүк тажрыйбасы 6 айды түзгөн ишкерлерге кепилдик бере алат.
Муну менен катар негизги көңүл бизнес-долбоордун уланып кетүү жөндөмдүүлүгүнө, анын экономикалык негизделишине жана өнүгүү перспективаларына бурулат. Банк жана «Кепилдик фонду» ААКсы бизнес-планга, болжолдуу кирешеге, ишкердин тажрыйбасына жана башка факторлорго баа беришет.
Эгерде долбоор келечектүү деп табылып, банк менен Кепилдик фонддун талаптарына жооп берсе, бизнес жаңы ачылган күндө да кепилденген насыя ала алат.
#GMW2026KG
#GMW2026
#GlobalMoneyWeek2026
#SmartMoneyTalks

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.