«Капитал Банк» уставдык капиталын 4 миллиард сомго көбөйттү

Аталган банктын расмий сайтында маалымадалгандай, акционер тарабынан кабыл алынган бул маанилүү стратегиялык чечим банкка өзүнүн финансылык туруктуулугун олуттуу түрдө чыңдоого жана өлкөдөгү алдыңкы динамикалуу өнүгүп жаткан банктардын бири катары статусун ырастоого мүмкүнчүлүк берди.
Кошумча капиталдын киргизилиши банк үчүн өз операцияларын кеңейтүү, кардарлардын жана инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатуу, Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлорун өнүктүрүүгө активдүү катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Банк Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жаңы филиалдарды ачууну жана банкоматтар тармагын өнүктүрүүнү пландаштырууда.
«Биз келечекке ишенимдүү жана узак мөөнөттүү көз караш менен бара жатабыз. Капиталдын көбөйүшү – бул өсүүгө, туруктуулукка жана ишенимге инвестиция. Биздин приоритетибиз – кардарлар, мамлекет жана өлкөнүн бүтүндөй экономикасы үчүн ишенимдүү өнөктөш болуу»- деп билдирди «Капитал Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Кантемир Чалбаев.
Стратегиянын маанилүү компоненти болуп региондордун катышуусун бекемдөө, финансылык инклюзивдүүлүк жана өлкөнүн региондорунун резиденттери үчүн заманбап банктык кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо саналат.
Буга чейин, ушул жылдын май айында Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети банктын уставдык капиталын көбөйтүү демилгесин колдогон. Жыйында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдиргендей, каражат мамлекеттик баалуу кагаздарды, анын ичинде чет элдик валютадагы казына милдеттенмелерин жайгаштыруу жолу менен тартылган.
Эмиссиянын жалпы көлөмүнүн ичинен 100 миллион сомун экономикалык демилгелерди каржылоо үчүн түз мамлекеттик бюджетке жөнөтүү пландаштырылууда. Жогорку Кеңештин тармактык комитети долбоор банктын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталганын баса белгиледи.
Эске салсак, «Капитал Банк» ААКнын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине таандык болгон финансы мекемеси болуп саналат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.