Калаадагы пенсионерлер Улуттук банктын нумизматикалык музейине саякатка барышты

Аталган экскурсия 60 жаштан жогоруларга 11-апрелде болду. Ага «Социум» коомдук фондунун 15 өкүлү жана Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Ардагер» ресурстук борборунун бөлүмүнүн фонддун жетекчиси Батма Эстебесованын астында болуп өттү.
Экскурсиянын катышуучуларына бардык беш сериядагы сомдук банкноттордун үлгүлөрү, алтын куймалары, эстелик коллекциялык тыйындар, эл аралык дипломдор жана Улуттук банктын эстелик банкноттору жана тыйындардын топтомдору түрүндөгү сувенирдик буюмдары көрсөтүлдү.
«Бул иш-чаранын катышуучуларына экскурсия абдан жакты. Алар Улуттук банкта мындай музей бар экенин билишчү эмес экен.Турдун жүрүшүндө музейдин жетекчиси Сабыр кызы Анара Кыргызстандан табылган уникалдуу тыйындар, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген коллекциялык тыйындар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөй кылып айтып берди.Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу идеясы балдар жана жаштар үчүн гана эмес, ошондой эле чоң курактагы адамдар үчүн да маанилүү жана зарыл маселе. Иш-чаранын соңунда бизге Улуттук банктын календары жана балдар үчүн кыргыз,орус тилдериндеги «Акча алиппеси» китептерин белеке беришти. «Бул китептер биздин неберелерибизди кубандырат!», - деп билдирди Батма Эстебесова Banks.kg порталына.
Эртең, 15-апрелде, Глобалдуу акча жумалыгы - 2025 иш-чарасынын алкагында, Banks.kg порталы, ЖАК «КСБ Коммерциялык банкы» жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте «Ардагер» ресурстук борборунун «Социум» коомдук фондунун катышуучулары үчүн алдамчылыктын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрөт.
Пенсионерлер кибералдамчылардын алдыда өтө алсыз болушат. Пайдалуу кеңештерди жана билимдерди алып, алар алдамчылардын айла-амалдарына туруштук берип, акчасын сактап кала алышат.
Маалымат үчүн:
Улгайгандар үчүн ресурстук борбор Корея Эл аралык ден соолук фондунун (KOFIH) колдоосу менен «Кыргызстандагы улгайган адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында билим берүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп, алардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-2030-жылдарга активдүү узак жашоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүүнү сунуштоодо. Ал пенсия курагындагы адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу, жашоонун узактыгын жогорулатуу, алардын коомдун ар кандай чөйрөлөрүнө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында иштелип чыгат.
#GMW2025
#GMWKyrgyzstan2025
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.