Финансылык жөнгө салуучу орган 2026-жылдын III чейреги үчүн Кыргыз Республикасындагы накталай акча жүгүртүүнүн абалы тууралуу маалымат берди.
Коммерциялык банктардын кассаларына 1 трлн 871 млрд 200,3 млн сом түшкөн. Бул өткөн жылдын III чейрегине салыштырмалуу 385 млрд 004,7 млн сомго (25,9%) көп.
Коммерциялык банктардын кассаларынан 1 трлн 883 млрд 440,9 млн сом берилген. Бул 2025-жылдын III чейрегине салыштырмалуу 378 млрд 529,9 млн сомго (25,2%) көп.
Коммерциялык банктардын кассаларына накталай акчанын кайтарымдуулугу 99,4%ды түзүп, 2025-жылдын III чейрегине салыштырмалуу 0,6%га өскөн.
Эске салсак, 2026-жылдын I чейрегинде жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 280 млрд сомдон ашкан. Анын ичинен:
- 26 млрд 990,7 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында болгон;
- 253 млрд 140,8 млн сом банк тутумунан тышкары болгон.
2026-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы көлөмү 300 млрд 778,3 млн сомго жеткен. Бул сумманын 36 млрд 166,7 млн сому коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 264 млрд 611,6 млн сому банк тутумунан тышкары болгон.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.