Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

286 млрд сомдон ашык каражат калк менен бизнестин колунда

Ар бир кыргызстандыкка шарттуу түрдө 42,5 миң сомдон накталай акча туура келет. Бирок бул эсептик көрсөткүч гана: чындыгында каражат калк арасында тең эмес бөлүштүрүлөт.

286 млрд сомдон ашык каражат калк менен бизнестин колунда
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банктын «Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүнүн 2026-жылдын II чейрегиндеги абалы тууралуу» баяндамасында Кыргызстандагы жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы көлөмү өсүүсүн улантып жатканы айтылат.

«2026-жылдын 1-июлуна карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 317 млрд 26,2 млн сомду түздү. Анын ичинен 31 млрд 20,3 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында болсо, калган 286 млрд 5,9 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 33 млрд 264,3 млн сомго же 13,2%га көбөйдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул накталай каражаттардын негизги бөлүгү мурдагыдай эле калк менен бизнестин колунда экенин билдирет.

1-график. Коммерциялык банктардын кассаларына накталай акчанын келип түшүүсү.

2026-жылдын II чейрегинде накталай акча менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү да кыйла өстү. Өлкө боюнча коммерциялык банктардын кассаларына 1 трлн 841 млрд 600,5 млн сом берилген. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 496 млрд 744,4 млн сомго же 36,9%га көбөйдү.

Ал эми 2026-жылдын II чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларынан 1 трлн 880 млрд 341,2 млн сом берилди. Бул 2025-жылдын II чейрегине салыштырмалуу 496 млрд 906 млн сомго же 35,9%га көп. Демек, накталай акчанын кассага түшүүсү да, берилиши да өсүүдө.

2-график. Коммерциялык банктардын кассаларынан накталай акчанын берилиши.

Улуттук банк көңүл бурган дагы бир көрсөткүч — накталай акчанын банктардын кассаларына кайтарымдуулугу. 2026-жылдын II чейрегинде бул көрсөткүч 97,9%ды түздү, ал эми бир жыл мурда 97,2% болгон. Бул банктар тарабынан берилген накталай каражаттын дээрлик толугу менен ар кандай операциялар аркылуу кайрадан банк тутумуна кайтып келерин билдирет.

Аймактар боюнча кайтарымдуулук көрсөткүчү салттуу түрдө айырмаланат. Эң жогорку көрсөткүчтөр Баткен облусунда (100,5%), Ош облусунда (100,3%) жана Чүй облусунда (100,1%) катталган. Бишкек шаарында кайтарымдуулук 99,2%ды түзсө, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Жалал-Абад облусунда — 92,8% жана Ош шаарында — 92,2% болду.

Улуттук банк өлкөдөгү накталай акча жүгүртүүнүн абалына баа берүү үчүн мындай статистиканы ар бир чейректе жарыялап турат. Накталай акча операцияларынын көлөмүнүн өсүшү экономикалык активдүүлүктүн жогорулаганын көрсөтсө, кайтарымдуулуктун жогорку деңгээли банк тутумунун туруктуу иштеп жатканын жана накталай акчанын натыйжалуу жүгүртүлүп жатканын айгинелейт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.