Ар бир сатып алуудан 5% кешбэк
Эми айлыгын банк аркылуу алып жүргөн кардарлар Кыргызстандын аймагындагы дүкөндөрдө же интернет аркылуу Элкарт + картасы менен төлөгөн ар бир сатып алуусунан 5% кешбэк алышат.
Кешбэк жергиликтүү транзакциялар үчүн эсептелет, демек күнүмдүк сатып алуулар мындан ары бир нече эсеге пайдалуураак болмокчу.
Акциянын аракеттеги мөөнөтү: 2025-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин.
Элкарт + картасын алып жүргөн айлык акы долбоорундагы кардарлар үчүн тейлөөнүн өзгөчө шарттары каралган:
- Жылдык тейлөө - болгону 100 сом;
- Картаны акысыз чыгаруу;
- Ар бир сатып алуудан НАКТАЛАЙ АКЧА ТҮРҮНДӨ 5% кешбэк;
- Яндекс Плюс сервисине 60 күнгө акысыз жазылуу;
- «Манас» аэропортунун бизнес залына атайын баа - 1 300 сом менен кирүү (кирүүлөрдүн саны чектелбейт);
- «Манас» аэропортунан жүктү таңгактоо болгону 400 сом (жылына канча жолу таңгактаганыңызга чек коюлбайт).
Бул шарттар Элкарт + картасын рыноктогу эң пайдалуу айлык акы карталарынын катарына кошот.
BAKAI Элкарт + карталарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү улантат. Тактап айтканда кардарлар төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:
- накталай эмес төлөмдөрдө эң ыңгайлуу шарттар;
- BakAi мобилдик тиркемеси аркылуу каржыны жеңил башкаруу;
- кешбэктин эсептелишинин айкындуулугу;
- бардык транзакциялардын жогорку деңгээлдеги коопсуздугу.
BAKAI айлык кардарлар үчүн шарттарды мүмкүн болушунча пайдалуу кылууга умтулат.
Элкарт + - бул жөн гана карта эмес, жеке каржыңызды заманбап, оңой жана коопсуз башкарууга жасалган чоң кадам.
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.