Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кытай Кыргызстандын башкы инвестору болуп калды

Инвесторлор Кыргызстанга аз инвестиция сала башташты. Өзгөчө КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялар көп кыскарды.

Кытай Кыргызстандын башкы инвестору болуп калды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.  

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылы өлкөгө 5,1 миллиард доллар инвестиция келген, бул мурунку жылга салыштырмалуу 25,9%га аз.

Түз чет элдик инвестициялар 7,7%га азайып, 950,4 млн долларды түздү. Эң көп инвестиция тоо-кен, өнөр жай, соода, байланыш жана каржы тармагына салынган.

Ошол эле учурда маалымат жана коммуникация тармагына инвестициялар дээрлик он эсеге, ал эми пайдалуу кендерди казып алууга эки эседен ашык көбөйгөн.

Кыргызстандын эң ири инвесторлору:

  • Кытай – бардык инвестициялардын 38,4%;
  • Түркия - 14,6%;
  • Нидерланды – 7,6%;
  • Улуу Британия - 3,1%.

Инвестициялардын агымы КМШ өлкөлөрүнөн эң көп кыскарган – дээрлик эки эсеге, анын ичинде Россия Федерациясынан жана Казакстандан.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.