Курс USD 87.11 / 87.60
Курс EUR 101.51 / 102.49
Курс RUB 1.106 / 1.131
Курс KZT 0.141 / 0.182
USD USD
87.11 / 87.60
EUR EUR
101.51 / 102.49
RUB RUB
1.106 / 1.131
KZT KZT
0.141 / 0.182

Кыргызстандагы онлайн акча которуулар: комиссия албоо 2026-жылга чейин узартылышы мүмкүн

КРнын Улуттук банкы оң тенденцияны сактоо максатында мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу акча которуулар үчүн кошумча комиссия алууга тыюу салууну узартуу маселесин кароону пландаштырууда.
Кыргызстандагы онлайн акча которуулар: комиссия албоо 2026-жылга чейин узартылышы мүмкүн

Бул тууралуу Banks.kg порталына Улуттук банктан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 23-октябрындагы «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө токтому» Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ошондой эле калк үчүн санариптик банкинг кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.

«2025-жылдын жарым жылына карата  накталай эмес операциялардын саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө, мындан улам өлкөнү накталай эмес эсептешүүгө өткөрүү максатына жетүү үчүн жогорудагы чечимди узартууну пландаштыруудабыз» - деп жазылат маалыматта. 

Эске салсак, 2024-жылдын 23-октябрында КРнын Улуттук банкы «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алган. Коммерциялык банктарга Кыргызстандын ичинде улуттук валютадагы которуулар үчүн жеке жактардан комиссия алууга убактылуу тыюу салынган.

Кыргызстандын коммерциялык банктарына жана төлөм уюмдарына 2025-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстандын аймагында мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада акча которууларды жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жеке кардарлардан комиссияларды алууга тыюу салынат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.