Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 84.72 / 85.64
Курс RUB 5.785 / 5.874
Курс KZT 0.114 / 0.186
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
84.72 / 85.64
RUB RUB
5.785 / 5.874
KZT KZT
0.114 / 0.186

Улуттук банк тиркемелер аркылуу которууларга комиссияны жойот

Комиссия алууга тыюу салуу 2024-жылдан 25-ноябрынан тартып, 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул тема боюнча эң көп берилген суроолорго карата жооптор даярдап, назарыңызга сунушталат.
Улуттук банк тиркемелер аркылуу которууларга комиссияны жойот

- Кайсы мобилдик тиркемелерде которуулар үчүн комиссия жоюлат? 

- Комиссия алууга тыюу салуу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жүзөгө ашырылуучу которуу кызматтарына жайылтылат. Комиссияга тыюу салуу 2024-жылдан 25-ноябрынан тарта 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

- Терминалдардан акча которууда комиссия жоюлабы? 

- Которуу кызматтарына комиссия алууга тыюу салуу төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлүүчү төлөмдөргө карата колдонулбайт.

- Жаңы өзгөрүүлөр тиркеме аркылуу эл аралык карталардан акча которууларга да жайылабы? 

- Которуу кызматтарына комиссия алууга тыюу салуу Кыргызсатндын аймагында сом аркылуу акча которууларга колдонулат. Ошондой эле, Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан чыгарылган эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарына которууларга карата дагы жайылат.

- Кайсы валютадагы которуулар үчүн комиссия алынбайт?

- Комиссия алууга тыюу салуу улуттук валютадагы акча которууларга гана тиешелүү.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.