Балыкчыда 12 кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Балыкчы шаарында жаңы ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Балыкчыда 12 кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды
Сүрөт: Каныбек Туманбаевдин баракчасынан алынды

Жалпысынан 12 кабаттуу заманбап үйлөр курулуп, 3700 үй-бүлө үчүн батир берилиши каралууда.

Туманбаев белгилегендей, мунун бардыгы - президент Садыр Жапаров баштаган саясаттын ачык көрүнүшү.

«Үй маселеси ар бир жаран үчүн биринчи кезектеги муктаждык. Президент дал ушул маселени мамлекеттин көңүл борборуна койду. Эл турмушунун сапатын жакшыртууга, жашоонун негиздерин бекемдөөгө багытталган иш-аракеттер системалуу жүрүп жатат», - деп билдирди ал. 

Ошондой эле, Туманбаев ар бир кирпич, ар бир бетондо жоопкерчилик жана камкордук бар экенин белгилеп, сапатка маани берилип жатканын айтты.

«Бул үйлөр элдин кереги үчүн салынууда. Анткени элге шарт түзмөйүн, өнүгүү болбойт. Туризм болобу, экономика болобу — баары адамдан башталат. Ал эми адамдын негизги кереги — өз үйү», - деди ал. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.