Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы механизм каттамдарды натыйжалуу уюштурууга жана коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
«Жаңы система боюнча биринчи сапарды накталай эмес ыкма менен төлөгөн жүргүнчүлөр биринчи төлөмдөн кийинки 60 мүнөт ичинде муниципалдык каттамдардын ортосунда кошумча акы төлөбөстөн которулуп жүрө алышат», - деп жазылат маалыматта.
Бул чечим шаар ичиндеги каттамдарды ыңгайлуу кылуу жана жүргүнчүлөрдүн транспорттук чыгымдарын азайтуу максатында ишке киргизилген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кайра отуруу тарифин пайдалануунун жогорку көрсөткүчү анын шаар тургундары арасында чоң суроо-талапка ээ экенин тастыктап турат.
«Кайра отуруу тарифин киргизүү борбор калаанын заманбап, ыңгайлуу жана жеткиликтүү транспорттук системасын өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат», - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин мэриядан коомдук транспортто кандай жол-жобо менен жол кире төлөө мүмкүн экендигин эске салышкан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.