2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча жашоо минимуму калктын жан башына 9 290,89 сомду түздү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Чыгымдардын эң көбү салт боюнча азык-түлүккө туура келет, ал 6 миң сомдон ашык, анда эт, сүт азыктары жана нан негизги үлүштү ээлейт.
Аймактар арасында эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында катталып, 10,9 миң сомду түздү, ошондой эле Жалал-Абад облусунда 10,6 миң сомдон ашты.
Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимуму 10,3 миң сомдон ашса, пенсионерлер үчүн 8,2 миң сомго жакын болду.
Маалыматтар киши башына орточо керектөөдөн эсептелип, жашоого кеткен негизги чыгымдарды чагылдырат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.