Кепилдик фондунун кепилдиги менен кандай максаттар үчүн кредит алса болот?

Кепилдик фондунун инструменттери компанияларга банктык каржылоону ыңгайлуу шарттарда тартууга мүмкүндүк берет. Жеткиликтүү максаттардын тизмесине эмнелер кирерин Banks.kg порталына Кепилдик фондунан билдиришти.

Кепилдик фондунун кепилдиги менен кандай максаттар үчүн кредит алса болот?

Ишкерлер «КФ» ААКсынын кепилдиги менен бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу ар кандай максаттарга кредит ала алышат. Кепилдиктер жүгүртүү каражаттарын толуктоо же негизги каражаттарды сатып алуу, ошондой эле өндүрүштү кеңейтүү үчүн берилет.

Каржылоо бир катар максаттарга багытталышы мүмкүн: 

  • жүгүртүү каражаттарын толуктоо;
  • лизинг алуу; 
  • жабдууларды жана техника сатып алуу; 
  • бизнести кеңейтүү же модернизациялоо; 
  • инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу; 
  • коммерциялык кыймылсыз мүлктү куруу же сатып алуу.

Ошентип, «Кепилдик фонду» ААКсынын кепилдиги ишкерлерге банктык кредиттерди учурдагы ишмердүүлүк үчүн да, бизнести өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн да тартууга мүмкүндүк берет.

#GMW2026KG 

#GMW2026 

#GlobalMoneyWeek2026 

#SmartMoneyTalks

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.