Ведомствонун маалыматына ылайык, белгиленген план 86 млрд сом болсо, иш жүзүндө 88 млрд сом чогултулду. Бул план 102,4%га аткарылганын жана пландан 2,0 миллиард сомго көптүгүн билдирет.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 7,7 млрд сомго - 80,3 млрд сомдон 88,0 млрд сомго чейин көбөйүп, өсүү темпи 109,6%ды түздү.
Акыркы жылдардын сегиз айындагы кирешелердин динамикасы:
- 2019-жыл — 26,2 млрд сом;
- 2020-жыл — 15,8 млрд сом;
- 2021-жыл — 27,9 млрд сом;
- 2022 - жыл — 44,9 млрд сом;
- 2023-жыл — 68,8 млрд сом;
- 2024-жыл — 80,3 млрд сом;
- 2025-жыл — 88,0 млрд сом.
Аталган кызмат жетишилген натыйжаларды камсыз кылган негизги фактор санариптик технологияларды артыкчылыктуу киргизүү болгонун билдирди. Аларды колдонуу бажылык башкаруунун сапатын жогорулатууга, ички процесстерди стандартташтырууга жана оптималдаштырууга, өлкө жетекчилиги тарабынан аныкталган милдеттерди так жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.