Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Карыздар кечилбейт: банктар менен жарандардын пайдасына канча каражат өндүрүлдү

Каражатты өндүрүп алуу тууралуу ар бир сот чечиминин артында акчанын иш жүзүндө кайтарылышы турат. Жарым жылдын ичинде сот аткаруучулары сот чечими боюнча доогерлерге миллиарддаган сом которушту.

Карыздар кечилбейт: банктар менен жарандардын пайдасына канча каражат өндүрүлдү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

2026-жылдын биринчи жарымында сот аткаруучулар 2,38 миллиард сом өндүрүп алышты.

Мындан тышкары, алимент төлөмдөрү боюнча 466,7 миллион сом, ал эми мүлктү мамлекеттин кирешесине конфискациялоого байланыштуу иштер боюнча - 42,9 миллион сом өндүрүлүп алынган.

Ошондой эле кызмат салык карыздарын өндүрүү жана мүлктү мамлекеттин пайдасына конфискациялоо боюнча чечимдерди аткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, июнь айынын башында Бишкек шаарында Ленин районунун сот аткаруучулары «Б» ААКсынан салык карыздарын өндүрүү боюнча сот чечимдерин толугу менен аткарышкан.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.