Курс USD 84.21 / 84.70
Курс EUR 93.10 / 94.07
Курс RUB 0.910 / 0.939
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.21 / 84.70
EUR EUR
93.10 / 94.07
RUB RUB
0.910 / 0.939
KZT KZT
0.121 / 0.191

Кепилдик фонд: Биздин кызматтарды колдонгон ишкерлердин саны жыл сайын өсүп жатат

Сегизин жылдан бери күрөөгө коюлган мүлктүн жетишсиздигин эске алып, «Кепилдик фонд» ААКсы өлкөдөгү ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттерди алууга кепилдик берип келет.
Кепилдик фонд: Биздин кызматтарды колдонгон ишкерлердин саны жыл сайын өсүп жатат

2016-жылы «Кепилдик фонд» ААКсы түзүлгөндө 900 миң сом өлчөмүндө биринчи кепилдик берилип, 3 миллион сом өлчөмүндө кредит камсыздалган.

2017-жылы «Кепилдик фонд» ААКсы өзүнүн толук кандуу ишмердүүлүгүнүн биринчи жылында Кыргызстандын 230 ишкерине кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, 228 миллион сомдон ашык суммага кепилдик берген, ал эми кредиттердин көлөмү 864 миллион сом ашыкча болгон.

Кийинки эки жылда - 2018 жана 2019-жылдары өлкөнүн бизнесин өнүктүрүүгө 1,58 миллиард сом жана 2,51 миллиард сом алган. Бул кредиттерге 2018-жылы 482 миллион сом, 2019-жылы 780 миллион сом суммада 411 кепилдик берилген.

2020 жана 2021-жылдары ишкерлерге берилген кепилдиктердин саны жана көлөмү дагы бир иретке көбөйдү, 2020-жылы Кепилдик фонд тарабынан 2,9 миллиард сомдон ашык кредиттерге дээрлик 800 миллион сом суммасында 569 кепилдик берилген, ал эми 2021-жылы 1,1 миллиард сомдон ашык суммага 705 кепилдик берилген, кредиттердин суммасы 3,9 миллиарддан ашкан.

2022-жылы Кепилдик фонд кызматын 1043 ишкер пайдаланган, алар 1,8 миллиард сомдон ашык суммага кепилдик менен 6,1 миллиард сомдон ашык кредит алышкан.

Өткөн 2023-жылы 4736 ишкердик субъектерине 2,82 миллиард сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлүп, 8,1 миллиард сомдон ашык кредит алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ал эми, 2024-жылдын сегиз айында ишкерлерге 2,22 миллиард сомдук 2312 кепилдик берилди, бул ишкерлерге 6,16 миллиарддан ашык кредиттик ресурстарды алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Келечекте «Кепилдик фонд» ААКсы кепилдиктердин санынын жана суммасынын көрсөткүчтөрү, ошондой эле кепилдик колдоонун алкагында берилген кредиттердин көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт.

71
2024-09-16T14:30:11+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.