ПТБМ алкагында ата мекендик бизнес 7 208 портфелдик кепилдиктерди алышкан
Бул колдоо аркылуу өнөктөш банктар ишкерлерге 5 миллиард 512 миллион сомдон ашык кредит берип, Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышты.
Дүйнөлүк банктын долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан агент катары чыккан «Кепилдик фонд» ААКсы менен биргеликте ишке ашырылууда. ПТБМ аркылуу Кепилдик фонд портфелдик кепилдиктерди берип, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарда каржылоого оңой жетүүгө жардам берет.
ПТБМ алкагында Кепилдик фонд өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча 8 келишимге кол койду. Бул документтер портфелдик кредиттик кепилдиктерди берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт. Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансылык институттарга кредиттерди төлөй албай калуу тобокелдигин азайтууга жана кредиттөө процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө жардам берет.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.