«Кепилдик фонд» ААКсы аркылуу өлкөнүн ишкерлери дээрлик 9 миллиард сомго кредиттерди алышты
Үстүбүздөгү жылы «Кепилдик фонд» ААКсы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде өлкөнүн бизнесине эң жогорку өлчөмдө кредиттик каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.
Бул көрсөткүч тогуз миллиард сомго жакындап, 20-декабрга карата 8 миллиард 923 миллион сомду түздү.
Өткөн жылы ишкерлерге берилген кредитердин көлөмү 8 миллиард 26 миллион сомду түзүп, 2023-жылдын аягындагы эң жогорку көрсөткүч болгон.
2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кепилдик колдоосу менен бизнести өнүктүрүүгө берилген кредиттердин жалпы көлөмү 35 миллиард сомго жакындады.
Фото: www
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.