Курс USD 87.12 / 87.61
Курс EUR 101.52 / 102.50
Курс RUB 1.106 / 1.131
Курс KZT 0.141 / 0.182
USD USD
87.12 / 87.61
EUR EUR
101.52 / 102.50
RUB RUB
1.106 / 1.131
KZT KZT
0.141 / 0.182

«Элдик Банк» уставдык капиталын 60 миллиард сомго көбөйттү

Капитал көбөйгөндөн кийин «Элдик Банктын» уставдык капиталы 74 миллиард 828 миллион сомду түздү. Бул жөн гана сан эмес. Бул чечим банктын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү кадам.
«Элдик Банк» уставдык капиталын 60 миллиард сомго көбөйттү

Бул тууралуу ААК «Элдик Банк» башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев билдирди.

Уставдык капиталды көбөйтүү — бул келечекке болгон инвестиция. Бул күчтүү, көзкарандысыз жана экономикалык жактан туруктуу өлкө тарап карай жасалган чечкиндүү кадам.

«Биз Кыргызстандын экономикалык системасынын ажырагыс бөлүгүнө айлана турган күчтүү универсалдуу мамлекеттик банктын түптөлүшүнө негиз түзүп жатабыз. «Элдик Банк» өзүнө чоң стратегиялык милдетти алат - экономикалык өсүштүн локомотиви болуу, жарандар менен бизнес үчүн ишенимдүү өнөктөш болуу жана өлкөдө каржылык туруктуулуктун кепилдиги болуу. Биз мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтип, финансылык жеткиликтүүлүктү арттырып, инновацияларды киргизип, артыкчылыктуу тармактарды колдоону күчөтөбүз», - деп билдирди Уланбек Ногаев.

Эске салсак, 2025-жылдын 10-апрелинде «Элдик Банк» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп, анда «Элдик Банктын» уставдык капиталын 126,5 млн сомго көбөйтүү чечими кабыл алынган. Ал эми 15-апрелде акционерлердин 10-апрелдеги кезексиз жалпы чогулушунун уставдык капиталын көбөйтүүгө байланышкан маселелер боюнча чечимдери жокко чыгарылып, 2 миллиард 626 миллион 591 миң 500 сом суммасында кошумча акцияларды чыгаруу жолу менен Банктын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча жаңы чечим кабыл алынган.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.