«Элдик Банк» «Beeline Кыргызстан» операторун сатып алды

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чечим президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган.
Стратегиялык телекоммуникациялык активди сатып алуу заманбап финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлдү, бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Буга чейин 2024-жылдын март айында VEON «Beeline Кыргызстан» операторунун 50,1% акциясын CG Corp Global трансулуттук конгломератына таандык CG Cell Technologies компаниясына сатканы маалымдалган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.