Курс USD 86.89 / 87.39
Курс EUR 99.25 / 100.23
Курс RUB 1.055 / 1.087
Курс KZT 0.115 / 0.186
USD USD
86.89 / 87.39
EUR EUR
99.25 / 100.23
RUB RUB
1.055 / 1.087
KZT KZT
0.115 / 0.186

ЖИ бир нече мүнөттө: O!Business тиркемесинен онлайн ачыңыз

O!Bank ишкерлер үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү улантууда. Эми O!Business тиркемесинде жаңы функция жеткиликтүү — жеке ишкердикти (ЖИ) үйдөн чыкпай туруп онлайн каттоо. Бул — болгону бир нече мүнөттүн ичинде бизнес баштоонун тез жана ыңгайлуу жолу.
ЖИ бир нече мүнөттө: O!Business тиркемесинен онлайн ачыңыз

Колдонуучуларга мындан ары салык кызматына баруунун же кагаз документтерди чогултуунун кажети жок — бүт процесс аралыктан жана максималдуу түрдө тез жүргүзүлөт.

Кандай артыкчылыктары бар?

  • Салык кызматына барбастан — бүт процедура тиркемеден онлайн өтөт.
  • Тез — каттоо болгону бир нече мүнөттү алат.
  • Оңой — бардыгы бир тиркемеде: ЖИни каттоодон баштап бизнести жүргүзүүгө чейин.
  • Ыңгайлуу — банктын иш графигине байланбастан 24/7 бою эсепти башкаруу жана төлөмдөрдү жөнөтүү мүмкүндүгү.

Мындан тышкары, ЖИ ачылгандан соң O!Business’тин колдонуучуларына башка да пайдалуу сунуштар жеткиликтүү:

  • Акысыз POS-терминалдар — комиссиясыз.
  • ККМ акысыз.
  • Овердрафттар 200 000 сомго чейин.
  • Онлайн-кредиттер 200 000 сомго чейин.
  • Visa Business картасы — популярдуу капчыктарга жана банкингдерге акысыз которуулар менен.

Кантип катталуу керек? 

  • O!Business’ти ачыңыз  → «Кардар болуу» → «ЖИ онлайн тариздөө».
  • Инсандыкты текшерүүдөн өтүңүз.
  • Өтүнмөнү толтуруңуз.
  • Документтерге онлайн кол коюңуз.

O!Bank’тын жаңы функциясы менен жеке ишиңизди баштоо мурдагыдан да оңой!

O!Business тиркемесин App Store’дон же Google Play’ден каалаган оператордун SIM-картасы менен жүктөп алыңыз.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.