Продукт ишке киргизилгенден бери ишкерлерге жалпы суммасы 346 млн сомду түзгөн 540 кепилдик берилди. Бул 1,6 млрд сомго жакын кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүндүк берди.
«Ылдам» продуктусунун негизги артыкчылыгы - кепилдик алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ыкчам механизми. Эгерде ишкер продукт боюнча белгиленген шарттарга жооп берсе, кепилдик «Кепилдик фонд» ААКсы тарабынан кошумча кароосуз жана талдоосуз, финансы-кредиттик уюмунун чечими менен берилет. Мындай механизм кепилдик колдоону көрсөтүү мөөнөтүн кыскартып, ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн жеңилдетет.
«Ылдам» кепилдиги күрөөлүк камсыздоонун жетишпеген бөлүгүн жабат жана ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон каржылоону алууга жардам берет.
«Кепилдик фонд» ААКсы Кыргызстандын ишкерлери үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен заманбап кепилдик инструменттерин өнүктүрүүнү улантууда.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.