- Чолпон Асаналиевна, «Евразия» дүкөнүнөн банк карталары аркылуу төлөсө болобу?
- Дүкөндө QR аркылуу жана улуттук төлөм системасы «Элкарттын» банк карталары менен төлөө мүмкүнчүлүгү бар.
- Ал жакта банкоматтар жана терминалдар орнотулабы?
- Ооба, биз ыңгайлуу жана ылайыктуу жерлерге төлөм терминалдарын орнотууну пландап жатабыз.
- Кардарлар үчүн ай сайын сатып ала турган өндүрүмдөрдүн көлөмүнө чектөө барбы?
- «Евразия» социалдык дүкөндөрү пенсионерлерди, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана муктаждардын башка категорияларын өтө керектелүүчү товарлар менен жеткиликтүү камсыздоо үчүн түзүлгөн. Ар бир жаран зарыл болгон товарларды алышы үчүн белгилүү бир чектөө бар. Бул эреженин жардамы менен товарлар бардык муктаждарга жетет.
- Бул дүкөндүн кардары болуп бишкектиктер гана катталабы?
- «Евразия» социалдык дүкөнүнүн кардары Кыргызстандын жараны (анын камкорчусу же өкүлү) боло алат. Алардын категориялары — пенсионерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптыгы бар адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Алар Бишкекте да, аймактарда да каттоодо болушу мүмкүн.
- Дүкөнгө келүүдө кардарлар кайсы документти көрсөтүшү керек
- Дүкөнгө кирүү үчүн өздүк карта талап кылынат. Аны биздин кеңседен алууга болот. Дарегибиз: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 146/1.
- Башка дүкөндөр качан ачылат
- Азыркы тапта борбор калаада эки социалдык дүкөн иштеп жатат. Даректери: «Асанбай» кичирайону, 8/3 жана Токтогул көчөсү, 146/1. Жакын арада дагы эки дүкөн ачылат. Алар Сүйүмбаев көчөсү, 17 жана Манас проспектиси, 97 даректеринде жайгашат.
Республика боюнча жалпысынан 50 социалдык дүкөн ачуу пландалууда. Ал жерден пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр зарыл товарларды арзандатылган баада ала алышат.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
Эске салсак, 26-августта Бишкекте алгачкы социалдык «Евразия» дүкөнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул демилге мамлекеттин, демөөрчүлөрдүн жана коомдук уюмдардын биргелешкен аракети менен социалдык жактан аялуу жарандарды колдоого багытталган.
Буга чейин «Евразия Кэй Джи» жана «Кыргызстан пенсионерлер союзу» кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшкан. Мындай биргелешкен демилгелер социалдык байланыштарды бекемдөөгө гана эмес, улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, аларга билим берүү, өзүн-өзү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө жардам берет.
«Евразия» дүкөндөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалыматты Эмгек министрлигине «Евразия Кыргызстан» ААКсынын өкүлдөрү беришкен.