МСКга маалымат берүүгө милдеттүү коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилди

Мамлекеттик салык кызматы кирешелер жана чыгашалар боюнча жыйынды маалыматтарды салык органдарына тапшырууга милдеттүү болгон коммерциялык эмес уюмдардын түрлөрүнүн тизмеси кеңейгенин билдирди.

МСКга маалымат берүүгө милдеттүү коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилди
Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, КРнын «Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, саясий партиялар, кесиптик бирликтер, диний уюмдар жана кооперативдер акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун жыйынды маалыматын берүүгө милдеттүү.
Белгилей кетсек, бул өзгөртүүлөр Конституциялык соттун бардык коомдук бирикмелер үчүн финансылык отчеттуулук талаптарына бирдиктүү ыкманы жана укуктук режимди камсыз кылуу боюнча чечимин ишке ашыруу алкагында киргизилди.

Маалымат берүүнүн мөөнөтү

Бул маалымат жыл сайын 1-апрелге чейин салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук форматта Салык кызматына берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай маалыматты КРнын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамынын негизинде иш алып барган, акысыз берилген акча жана материалдык каражаттардын эсебинен иштеген коомдук бирикмелер, фонддор, мекемелер жана юридикалык жактардын ассоциациялары гана тапшырууга милдеттүү болгон.