Курс USD 86.80 / 87.30
Курс EUR 98.40 / 99.39
Курс RUB 1.046 / 1.084
Курс KZT 0.115 / 0.187
USD USD
86.80 / 87.30
EUR EUR
98.40 / 99.39
RUB RUB
1.046 / 1.084
KZT KZT
0.115 / 0.187

Кепилдик фондунун колдоосу менен экспорт: Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

«Кепилдик фонд» ААКсы экспорт жана импортту алмаштыруу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерди колдоого өзгөчө көңүл бурат. Эл аралык рынокторго багытталган компаниялар кепилдиктерди артыкчылыктуу түрдө алышат, бул алардын өсүшүнө жана каржылоону тартууга жардам берет.
Кепилдик фондунун колдоосу менен экспорт: Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Фонд түзүлгөндөн бери жана 2024-жылдын 31-декабрына карата экспортко багытталган чарба жүргүзүүчү субъекттерге 1 миллиард 573 миллион сом өлчөмүндө кепилдик берилген колдоо көрсөтүлүп, бул 5 миллиард 432 миллион сом өлчөмүндө кредиттик ресурстарды тартууга мүмкүндүк берди.

2024-жылы экспорттук бизнести колдоо боюнча кепилдиктердин жалпы суммасы 341,7 миллион сомду түздү. Мунун аркасында ишкерлер 1 миллиард 29,6 миллион сомго кредиттерди ала алышты.

Быйыл Кепилдик фонд «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасын ишке ашыруунун алкагында экспортко багытталган ишканаларды колдоону күчөттү. Мунун аркасында Кепилдик фонд өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө салым кошуп, ата мекендик өндүрүүчүлөргө эл аралык рыноктордо өз позицияларын бекемдөөгө жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.

Фото: www

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.