Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 40 жаштагы М.Э. аттуу аял Токмок шаарындагы кичи райондордун биринде жашап, өзүн элдик дарыгер катары көрсөтүп, адамдардан ар кандай шылтоо менен акча алган. Ал тургай айрым жарандардын атына насыяларды алып, каражатты өзүнө ыйгарып алган.
Буга байланыштуу жабырлануучу Н.Ж. Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин шектүү аны 1,5 миллион сомго алдап кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Сот анын камакта алуу чечимин кабыл алды.
Мындан тышкары, дагы эки жаран ушул сыяктуу арыз менен милицияга кайрылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүй облусунун милициясы шектүүнүн аракеттеринен жабыркаган жарандарды Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө же төмөнкү телефондорго кайрылууга чакырат: (0312) 60-73-63, (0701) 15-35-12.
