Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Дыйкандарга сугат системаларын жакшыртуу үчүн 2% менен насыя берилет

Кыргызстанда суу үнөмдөөчү технологияларды, анын ичинде заманбап сугат системаларын киргизүүгө багытталган жеңилдетилген насыялар бериле баштады.

Дыйкандарга сугат системаларын жакшыртуу үчүн 2% менен насыя берилет
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Программанын жалпы каржылоо көлөмү 500 млн сомду түзөт. Бул программа суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында ишке ашырылууда.

Программанын шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • пайыздык чен — жылына 2%;
  • насыя мөөнөтү — 7 жылга чейин;
  • жеңилдетилген мезгил — 12 айга чейин.

Максаты сугат системаларын анын ичинде жамгырлатма сатып алуу жана орнотуу болуп саналат. Арыз берүүчүлөрдү тандоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. Насыяларды берүү «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК аркылуу ишке ашырылат.

Кенен маалымат алуу жана арыз берүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу керек. Байланыш үчүн бул номерге кайрылууга болот: 0502885554. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.