Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Кепилдик фонд» ААКсынын кардары Кыргызстанда подгузниктерди чыгарган алгачкы өндүрүштү ишке киргизди

Чүй облусунда «Бренд КГ» ЖЧКсынын балдар подгузниктерин жана гигиеналык продукцияларды чыгарган Кыргызстандагы алгачкы өндүрүшүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

«Кепилдик фонд» ААКсынын кардары Кыргызстанда подгузниктерди чыгарган алгачкы өндүрүштү ишке киргизди
фото: Гарантийный фонд

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын Төрагасы Малик Абакиров жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Мээримбек Койчуманов катышышты.

Жаңы өндүрүш «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагынын аймагында ишке киргизилип, заманбап жогорку технологиялык жабдуулар менен камсыздалган. Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ички рыноктун импорттук продукцияга болгон көз карандылыгын азайтууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, компаниянын негиздөөчүсү буга чейин өсүмдүк майын өндүрүү долбоорун ишке ашырууда «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдик колдоосун пайдаланган. Жаңы ишкананын ишке кириши бизнести өнүктүрүүнүн жана жаңы өндүрүштүк демилгелерди ишке ашыруунун уландысы болду.

«Кепилдик фонд» ААКсы ата мекендик ишкерликти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү улантып, өндүрүштүк жана импортту алмаштыруучу потенциалды кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоодо.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.