Курс USD 88.64 / 89.45
Курс EUR 94.77 / 95.77
Курс RUB 0.946 / 0.973
Курс KZT 0.138 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.45
EUR EUR
94.77 / 95.77
RUB RUB
0.946 / 0.973
KZT KZT
0.138 / 0.206

Насыя албоонун 5 себеби

Бир нече жыл мурун Пригородное айылында 15 аял үч жыл мурун алган насыялары кечирилбесе, өздөрүн-өздөрү өрттөйбүз деп коркутушкан.
Насыя албоонун 5 себеби

Мындай учурлар аз эмес. Кыргызстанда туруксуз экономикалык абал талкууланган сайын насыяларды кечүүнү талап кылгандар четинен чыгууда.

Кирешенин аздыгынан улам эл банктардан насыя алууга аргасыз, бирок мындай чечим көп учурда андан да чоң каржылык жүктү алып келет. Натыйжада, насыя алуучу карызга батып, андан чыгуу кыйын болуп калат.

Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылга карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда 6 миллион адам 31,1 миллиард сом микрокредит алган.

Economist.kg редакциясы карызга батып калуудан сактанууга жардам бере турган эрежелерди даярдады.

Насыя капиталды көбөйтүү үчүн жакшы курал боло алат, бирок бул бардык тобокелдиктерди эске алган, жакшылап ойлонулган финансылык план менен гана болот. Чындыгында насыясы бар адамдардын көбү өздөрүнө көйгөйлөрдү үйүп алышат.

Насыя албоонун беш себеби

Ай сайын төлөөлөр

Насыя аларда эң башкы өзүңө бере турган суроо, айына төлөөгө сиздин киреше жетеби? Эгерде сизде туруктуу айлык жок болсо, анда насыя тууралуу таттуу ойлоруңузду унутуңуз, болбосо мунун бардыгы келечекте чоң көйгөй алып келиши мүмкүн.

Мисал үчүн бир жылга 100 миң сом насыя алган кейсти карап көрөлү. Орточо жылдык үстөк пайыз 20%ды түзөт. Мындай учурда ай сайын төлөө 9 миң 504 сом болот. Башкача айтканда, ай сайын сиздин кадимки чыгашаларыңыздан сырткары дээрлик 10 миң сомдой төлөө керек болот. Үстөк пайыздын эсебинен сиз дагы 15 миң же андан көп каражат төлөөгө аргасыз болосуз, бул насыя алган банктын шарттарына байланыштуу.

Эксперттердин кеңештерине ылайык, ай сайын төлөө сиздин бир ацлык кирешеңиздин 35%нан ашпоосу керек. Тагыраагы, эгерде сиздин айлыгыңыз 35 миң сом болсо, айына максималдуу түрдө 12 миң 250 сом төлөгүдөй болушуңуз керек.

Көпчүлүктүн катасы - айлыгын банкка гана төлөө үчүн колдонуп алышкандыгы. Бирок тобокелчилик деген дайыма бар, буга пандемия мисал.

90% адамдардын катасы - насыя алуу же албоодо кирешесинин көпчүлүк бөлүгүн насыя төлөөгө эсептеп алуу. Натыйжада киреше ойдогудай болбой калган учурлардан тарта экономдоп жашоого өтүү башталат.

Насыя келечектеги кирешенин деңгээлин төмөндөтөт

Финансылык сабаттуулуктун негизги эрежеси - кирешенин бир бөлүгүн “коопсуздук” үчүн чогултуу. Бирок, сиз үстөк пайыз төлөөдө сиздин кирешенин суммасы азаят жана каражат чогултуу кыйынга турат. Көпчүлүгү учурдагы насыясын жабуу үчүн экинчи кредитин алышат, жана бул чынжырча аягы жок уланып кете берет. Жыйынтыгында сиз туңгуюкка кептелесиз: акчанын тартыштыгынан улам дагы кредит алууга туура келет, андан кийин дагы аласыз, анан дагы уланып кете берет. 

Саламаттыктын абалы

Адамдар ден соолук деген факторду аз гана учурда эске алат. Бул өтө манилүү пунктардын бири болуп саналат, анда сиз ооруп калып иштей албай кала турган болсоңуз бул абалдан чыгуу жолун да ойлоо керек.

Сиз насыянын системасын түшүнбөйсүз

Копчүлүк адамдар эффективдүү пайыздык чен, аннуитетикалык төлөө деген түшүнүктөрдү биле беришпейт. Мындан улам банкттар пайдаланып, сизге насыя оңой жана жөнөкөй деген идеяны берет. Картинанын реалдуулугун билбөө адамды финансылык жактан нөл абалга алып келет. 

Эгерде сиз насыя алууну чечсеңиз төмөндөгү кадамдарды карманыңыз:

Финансылык план түзүңүз 

Сиз чыгашаларыңыздын кыскара турганын түшүнүп, кадимки жашоодогу айрым нерселерден баш тартыңыз.

Туура келген банкты тандаңыз

Сизге жакын жайгашкан банкты эмес, башка критерийлерине көңүл буруңуз - шарттарына. Банктын репутациясына мааани бериңиз.

Келишимди кунт коюп окуңуз

Түшүнбөгөн жерлер болсо, банктын кызматкеринен тартынбай тактап алыңыз. Эгерде кандайдыр бир сиз билбеген терминдер болсо, уялбастан сураңыз ал үчүн атайын адистер иштешет. Өзгөчө пункт - бул мөөнөтүнөн өтүп төлөөдөгү санкция, айыптар жана комиссия тууралуу дыкат билип алуу керек.

Насыяны жабууну унутпаңыз

Акыркы төлөмдөн соң, бардык шарттар аткарылганы тууралуу банктан справка алып коюңуз. 

Каржы боюнча эксперттер кандай гана учур болбосун, насыя албоону сунушташат. Өтө зарыл учурда жана так эсептелип максаттуу жумшай турган нерсе болгондо гана насыя алса болот.

Фото: kloop.kg

Автор: Economist.kg

#gmwkyrgyzstan2024

616
2024-03-15T11:31:27+06:00