«Кепилдик фонд» ААКсынын төрт өнөктөш банкы «Ылдам» портфелдик кепилдик боюнча ачык офертаны кабыл алууга кол коюшту

Продуктун негизги максаты - чакан жана орто бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. «Ылдам» ишкерлерге кредиттик тобокелдиктерди банктар менен финансы-кредиттик мекемелердин ортосунда бөлүшүп, күрөөсү жок болсо да алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсынын төрт өнөктөш банкы - «Бакай Банк» ААКсы, «Азия Банкы» ЖАКсы, «Бай Түшүм Банк» ААКсы жана «Мбанк» ААКсы Ачык офертанын шарттары менен макулдашууга кол коюшту.
«Ылдам» кепилдигинин артыкчылыгы анын портфелдик негизде иштөөсүндө, бул Кепилдик фонд тарабынан өтүнмөнү кошумча талдоо зарылдыгын жокко чыгарат, каржылоону алуу процессин тездетет.
«Ылдам» - Кепилдик фондунун офертанын алкагындагы расмий сунушу. Шарттар тууралуу кененирээк маалыматты gf.kg/garantijnyj-produkt-yldam шилтемеден тапса болот.
Эске сала кетсек, «Ылдам» кепилдигин төмөнкү тармактарда 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар пайдалана алышат: айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, ошондой эле башка тармактар.
«Ылдам» продуктусы боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот:
- +996 (556) 62-53-79;
- +996 (554) 17-71-05;
- +996 (312) 62-53-79.
На русском языке с этим материалом можно ознакомиться по ссылке.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.