Кыргызстандын 500 млн доллардан ашык инвестиция тарта ала турган төрт тармагы аталды
Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк банктын тобу менен биргеликте Кыргызстандын жеке секторунун диагностикасын (CPSD) сунуштады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, изилдөөдө ишке ашырылган учурда 500 млн доллардан ашык жеке инвестиция тартууга жана орто мөөнөттүү келечекте 67,6 миңге чейин кошумча жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк бере турган реформалар аныкталган.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Министрлер кабинети буга чейин ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана бизнеске түшкөн административдик жүктү азайтуу боюнча бир катар чараларды ишке ашырганын белгиледи.
Анын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыктары ишкерлердин муктаждыктарын так аныктоого жана ар бир тармактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдоо чараларын өркүндөтүүгө жардам берет.
Диагностика Дүйнөлүк банк жана Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) тарабынан даярдалган. Анда инвестиция тартуунун жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн кыймылдаткыч күчүнө айлана турган келечектүү төрт багыт белгиленген.
Мөмө-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү
Бул тармакка 250 млн долларга чейин инвестиция тартуу жана 24 миңге чейин жумуш ордун түзүү сунушталууда. Бул үчүн жерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, сертификациялоону жана лабораториялык сыноолорду өнүктүрүү, ошондой эле продукцияны сактоо үчүн муздаткыч инфраструктурасын кеңейтүү зарыл.
Жаратылышка багытталган туризм
Бул багыт 220 млн долларга чейин инвестиция тартып, 20,8 миң жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет. Артыкчылыктуу милдеттердин катарында жер пайдалануу жана уруксат берүү шарттарын ачык-айкын кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо бар.
Тигүү өндүрүшү
Тигүү тармагына 78 млн долларга чейин инвестиция тартуу жана 14,4 миң жумуш ордун түзүү көздөлүүдө. Тармакты өнүктүрүү үчүн экспорттук логистиканы, сертификациялоону жакшыртуу, продукциянын санариптик көзөмөлдөө системасын киргизүү жана эмгек рыногунун ийкемдүүлүгүн жогорулатуу зарыл.
Форель өстүрүү
Тармактын потенциалы 70 млн доллар жеке инвестиция жана 8,4 миң жаңы жумуш орду деп бааланууда. Негизги милдеттер - биологиялык коопсуздукту, ветеринардык көзөмөлдү, сертификациялоону жана өндүрүштүк чынжырдын бардык баскычтарында көзөмөлдөө системасын күчөтүү.
Изилдөөдө көрсөтүлгөн суммалар - бул сунушталган реформалар жүргүзүлүп, учурдагы чектөөлөр жоюлган шартта ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер аталган тармактарга салууга даяр болгон потенциалдуу коммерциялык инвестициялардын көлөмү экени белгиленет.
Экономика министрлигинде сунуштардын олуттуу бөлүгү ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, ишкерликти колдоо жана артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүү боюнча иштердин алкагында буга чейин эле ишке ашырылып жатканын баса белгилешти.
Ведомство экономикалык саясатты өркүндөтүү жана жеке сектордун инвестициялык потенциалын ачуу максатында диагностика жыйынтыктарын колдонуу менен Дүйнөлүк банктын тобу менен биргеликте реформаларды улантууну көздөп жатат.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.