Тынчтыкбек Курбанбековдун тарыхы - тырышчаактык жана мамлекеттик колдоо ийгиликке жол ачарын тастыктаган жаркын мисал.
2016-жылга чейин Тынчтыкбек Россияда жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн. Кыргызстанга кайтып келип, топтогон тажрыйбасын пайдаланып, өз бизнесин ачууга чечим кабыл алат. Ушундайча Баткен облусунда жол куруу жана оңдоо иштери менен алектенген «Автомагистраль» ЖЧКсы түзүлгөн.
Иштин көлөмү өсүп, өндүрүштү кеңейтүү жана өз асфальт заводун сатып алуу зарылчылыгы пайда болот. Бирок жетишсиз күрөө камсыздоосу кредит алууга тоскоол болгон.
2023-жылы Тынчтыкбек алгач ирет банкка кайрылып, «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиги аркылуу кредит алат. Анын арызы кыска убакытта каралып, Кытайдан заманбап асфальт заводу сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул окуя компаниянын өсүшүндө чечүүчү бурулуш болгон.
Кийинчерээк ал экинчи жолу «Кепилдик фонд» ААКсынын колдоосуна кайрылып, алган кепилдиги аркылуу курулуш техникасын - погрузчик жана катокту болжол менен 120 миң АКШ долларына сатып алган.
Бүгүнкү күндө ишкана Баткен облусунун 20дан ашык жашоочусун жумуш менен камсыз кылууда. Жакында темир-бетон буюмдарын жана бетон эритмесин чыгаруучу эки жаңы завод ишке кирген соң, кызматкерлердин саны 40 адамга чейин көбөймөкчү.
Мурда «Автомагистраль» асфальтты Кызыл-Кыядан сатып алып, сезон ичинде 4 миң тоннадай асфальт төшөсө, азыр бул көлөмдү болгону бир - бир жарым айда иштеп чыгууга жетишүүдө. Компания мамлекеттик жана жеке сектордогу тапшырыктарды тең аткарып келет.
«Мен ишкерлерге «Кепилдик фонд» ААКсына кайрылууну кеңеш берет элем. Бул жерде кепилдик гана бербестен, бизнес-планды иштеп чыгууга да жардам беришет», - дейт Тынчтыкбек Курбанбеков.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.