Бул тууралуу Статком тарабынан брифинг учурунда белгилүү болду.
ИДПга эң чоң салымды тейлөө тармагы кошкон – 51,1%. Товардык өндүрүш тармактары 32,6%ды түздү.
Өнөр жайдын өсүшү негизги металлдарды, тамак-аш азыктарын, мунай өндүрүмдөрүн, курулуш материалдарын, фармацевтика жана химиялык заттарды өндүрүүнүн көбөйүшү менен шартталган. Пайдалуу кендерди казып алуу 19,7%га металл рудасын алуу 26,3%га өстү.
Мал чарба продукциясын 4%га көбөйтүүнүн эсебинен айыл чарба продукциясын өндүрүү. Курулуш жана соода тармагында да оң өсүш байкалды. Чекене соода 14,3%га, дүң соода 9,1%га өстү.
Негизги капиталга салымдар ички жана тышкы каржы булактарынын өсүүсүнүн эсебинен бир кыйла өстү. Инвестициялардын 80%дан ашыгы транспорт инфраструктурасын, энергетика, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана турак жай курулушун өнүктүрүүгө багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.