Документке «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана «Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов кол коюшту.
Келишимдин максаты - ишкерлер үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кепилдиктерди берүү жолу менен банктын тобокелдиктеринин бир бөлүгүн төмөндөтүү.
Ислам каржылоо принциптерине ылайык берилүүчү кепилдиктер жетиштүү күрөөсү жок ишкерлерди, ошондой эле же каржылоонун шарият ченемдерине ылайык болушун каалаган ишкерлерди колдоого багытталган.
«Ислам каржылоо принциптерин ишке киргизүү ишкерлер үчүн каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет деп эсептейбиз», - деп белгиледи Малик-Айдар Абакиров.
Кепилдик сый акы каржылоо берилген күнү бир жолу гана төлөнөт. Кепилдик кардардын же үчүнчү жактардын күрөөсү менен камсыздалбаган негизги сумманын белгилүү бир бөлүгүн жабат, бирок каржылоонун жалпы суммасынын 50% ашпоого тийиш.
Ислам каржылоо принциптерине негизделген кепилдиктер тууралуу кеңири маалыматты 7500 кыска номери аркылуу алсаңыз болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.