Текшерүүнүн жыйынтыгында сертификаттын аракет мөөнөтү дагы бир жылга узартылды. Бул уюмдун ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлде уюштурулганын, ички процесстердин натыйжалуулугун жана сапат принциптерине берилгендигин ырастайт.
Менеджмент системаларын сертификаттоо органы Cert International «Кепилдик фонд» ААКсынын жамаатын «Ишкер субъекттерине индивидуалдык жана портфельдик кепилдиктерди берүү» багыты боюнча аудиттен ийгиликтүү өткөнү менен куттуктап, жогорку башкаруу маданиятын жана сапат принциптерине берилгендигин белгиледи.
