Курс USD 86.42 / 86.85
Курс EUR 90.74 / 91.72
Курс RUB 0.853 / 0.884
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
86.42 / 86.85
EUR EUR
90.74 / 91.72
RUB RUB
0.853 / 0.884
KZT KZT
0.121 / 0.191

Кепилдик фонд Кыргызстандагы ТОП-200 ири компаниялардын биринчи жүздүгүнө кирди

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторундагы ишканалардын жана компаниялардын рейтингин жарыялады.
Кепилдик фонд Кыргызстандагы ТОП-200 ири компаниялардын биринчи жүздүгүнө кирди

Бул рейтингди даярдоо учурунда Улуттук статистика комитети 29 миңден ашык ата мекендик ишкананы анализдеген. Консолидацияланган рейтингде «Кепилдик фонд» ААКсы 100-орунда турат.

Консолидацияланган рейтингди даярдоодо ишкананын кызматкерлеринин саны, анын кирешеси, дүң кирешеси, операциялык ишмердүүлүктөн түшкөн пайда жана чыгым, балансталган финансылык натыйжалар сыяктуу критерийлер эске алынган.

Эске сала кетсек, «Кепилдик фонд» ААКсынын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда кепилдиктерди берүү жолу менен чарбакер субъекттердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.

Аймактардагы ишкерлерди колдоо «Кепилдик фонд» ААКсынын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт болуп саналат, айыл чарба тармагына, өнөр жайга, туризмге, ипотекага, ошондой эле экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга өзгөчө көңүл бурулат.

8 жылдык ийгиликтүү ишмердүүлүк жана анын негизги көрсөткүчтөрү «Кепилдик фонд» ААКсы биздин өлкөдө жаңы, уникалдуу каржы институту катары өз убагында түзүлгөндүгүн көрсөтүп турат жана күтүүлөрдү толугу менен актап жатат.

2016-жылдан 2024-жылдын 9 октябрына чейинки ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгили үчүн «Кепилдик фонд» ААКсынын тарабынан ишкердик субъекттерине кепилдик колдоо көрсөтүлүп, 10 миллиард 628 миллион сомдон ашык суммага 10 687 кепилдик берилип, атамекендик бизнеске 32 миллиард 879 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттик каражаттарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 9 октябрына «Кепилдик фонд» ААКсы өлкө бизнесине кепилдик колдоо көрсөтүп, 2 миллиард 511 миллион сомдон ашык суммага 2 521 кепилдик берди, бул ата мекендик бизнеске 6 миллиард 944 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттик каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылды.  

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.