Жаңы ипотекалык программанын алкагында баштапкы төлөм үчүн өздүк каражаты жетишсиз же таптакыр жок жарандар да турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай учурда белгиленген шарттарга ылайык, баштапкы төлөмдүн жетишпеген бөлүгүн «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиги жаба алат.
Программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы көлөмү 65 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржыланган «Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун биринчи багыты - аялдардын турак жайды каржылоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган «Аялдар үчүн ипотека». Пайыздык чен Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алууда жылдык 10,75%, ал эми Кыргызстандын аймактарында 9,75% түзөт.
Кийинки багыт «Жашыл ипотека» болот. Ал энергияны үнөмдөөчү турак жайларды сатып алууга жана турак жай секторунда энергияны үнөмдөөчү чечимдерди жайылтууга багытталган.
Эске салсак, «Кепилдик фонд» ААКсы, «МИК» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсынын турак жай программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташуусу 2022-жылдан бери уланып келет. 2022-жылдын 13-декабрында тараптар ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.