Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.89 / 98.87
Курс RUB 1.075 / 1.111
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.89 / 98.87
RUB RUB
1.075 / 1.111
KZT KZT
0.117 / 0.187

«Кепилдик фонду» ААКсы Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында «Жашыл кепилдиктер» компонентин ишке ашырат

2025-жылдын 16-майында «Кепилдик фонд» ААКcsнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.
«Кепилдик фонду» ААКсы Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында «Жашыл кепилдиктер» компонентин ишке ашырат

Отурумдун жыйынтыгында «Кыргыз Республикасындагы микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү» Долбоорунун алкагында «Жашыл кепилдиктер» 2-компонентти ишке ашырууга байланыштуу ири келишимди жактыруу чечими кабыл алынды. Келишим Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык жактырылган.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 21-апрелинде Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши бул долбоорду ишке ашырууга 120 миллион АКШ долларын бөлүүнү бекиткен. Анын максаты каржы секторун жашылдандырууга көмөктөшүү жана чакан жана орто бизнестин туруктуу жана жашыл каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Долбоорду каржылоонун жалпы көлөмү 170 миллион АКШ долларын түзөт, анын ичинде Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү биргелешкен каржылоосу.

Долбоор үч негизги компонентти камтыйт:

  • Климат жана туруктуу каржылоо;
  • Жашыл кепилдиктер;
  • Долбоорду ишке ашыруу жана туруктуу каржылоо үчүн потенциалды жогорулатуу.

Долбоордун экинчи компоненти, 59 млн АКШ доллары болгон «Жашыл кепилдиктер» «Кепилдик фонд» ААКсы тарабынан ишке ашырылат.

Бул долбоор экологияга багытталган долбоорлорду иштеп чыгуучу чакан жана орто ишканаларды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана Кыргыз Республикасынын экономикасында туруктуу каржылоонун ролун күчөтөт.

Фото: www 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.