Курс USD 84.33 / 84.83
Курс EUR 92.96 / 93.93
Курс RUB 0.918 / 0.949
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.33 / 84.83
EUR EUR
92.96 / 93.93
RUB RUB
0.918 / 0.949
KZT KZT
0.121 / 0.191

«Кепилдик фонд» ААКсы 10 миңинчи кепилдикти берди

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында «Кепилдик фонд» ААКсы бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттик каражаттарды алуу үчүн 10 миңинчи кепилдик берген.
«Кепилдик фонд» ААКсы 10 миңинчи кепилдикти берди

10 миңинчи кепилдик алуучу болуп Жалал-Абад облусунан айыл чарба тармагында бизнесин жүргүзгөн ишкер болгон. Ишкерге «Элдик Банк» ААКсынан 4 млн 700 миң сом өлчөмүндө кредит алуу үчүн 1 млн 595 миң сом кепилдик берилген.

2024-жылдын 8 айдын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонд үстүбүздөгү жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча ишкерлерге 6,14 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, дээрлик 2,21 миллиард сомдук кепилдиктерди берди. Кепилдик колдоодону пайдаланган ишкерлердин саны 2300 адамды түздү.

Өткөн жылдардагыдай эле, «Кепилдик фонд» ААКсынын ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүүгө багытталган артыкчылык айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай жана туризм тармагында иштеген ишкерлерге берилет. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу аймактарга өзгөчө көңүл бурулууда.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.