Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.36 / 98.36
Курс RUB 1.065 / 1.106
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.36 / 98.36
RUB RUB
1.065 / 1.106
KZT KZT
0.117 / 0.187

Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык шайкештик сертификатын алды

Бүгүн, 20-ноябрда, «Кепилдик фонд» ААКсынын кеңсесинде 9001:2015 шайкештик сертификатын расмий тапшыруу болуп өттү.
Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык шайкештик сертификатын алды

9001:2015 эл аралык стандарт сертификаты «Кепилдик фонд» ААКсынын башкармасынын төрагасы М. - А. Абакировго Cert International s.r.o. компаниянын аудитору А. Кичигин тапшырлы.

Документ «Ишкердик субъекттерине жеке жана портфелдик кепилдиктерди берүү» жаатында сертификациялык жол-жоболордун алкагында аткарылган аудиттин жыйынтыктарынын негизинде берилген.

Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айынын башында Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык стандарттарына ылайык сертификациялык аудитти ийгиликтүү аяктаганын жарыялаган.

«Биз «Кепилдик Фонд» ААКсы өлкөдөгү биринчилерден болуп, бүгүнкү күнгө чейин сапат менеджменти системасын өз күчү менен ишке киргизип жана ISO 9001 сертификатын алган жалгыз финансылык уюм экендигине сыймыктанабыз. Аудиторлор команданын кесипкөйлүгүн жана жетекчилердин компетенттүүлүгүн, ошондой эле кызматкерлердин өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаруусун бөлүп көрсөтүштү», - деди М.- А. Абакиров.

Өз кезегинде Cert International s.r.o. компаниянын аудитору А. Кичигин «Кепилдик фонд» ААКсынын системасы эл аралык стандарттын талаптарына толук жооп берерин баса белгиледи. Сертификат уюмдун мыйзам ченемдерин, ички регламенттерди сактагандыгын жана кардарлардын кызыкчылыктарына багытталгандыгын тастыктайт.

Маалымдама: 

ISO 9001 шайкештик сертификаты - эксперттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилген жана уюмдун сапат менеджменти системасы ISO 9001 эл аралык стандартына жооп берерин тастыктаган документ.

Фото: www

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.