Курс USD 87.30 / 87.80
Курс EUR 94.84 / 95.82
Курс RUB 0.995 / 1.032
Курс KZT 0.120 / 0.192
USD USD
87.30 / 87.80
EUR EUR
94.84 / 95.82
RUB RUB
0.995 / 1.032
KZT KZT
0.120 / 0.192

Кепилдик фонду өзүнүн өнөктөш тармагын кеңейтүүдө: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Кепилдик фонд өнөктөш банктардын катышуусунда эртең мененки бизнес тамактанууну өткөрдү, ал каржы тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болду.
Кепилдик фонду өзүнүн өнөктөш тармагын кеңейтүүдө: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлдү

Негизги окуялардын бири болуп «Кепилдик фонд» ААКсы менен «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бул Макулдашуунун алкагында тараптар күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда кепилдик менен кредиттерди берүү аркылуу ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүүнү көздөшүүдө.

Документке Башкармалардын төрагаларынын орун басарлары Азизбек Сайпидинов менен Эрик Таласбаев кол коюшту.

Келишимге кол коюу аземинде тараптар кызматташуу эки каржы институттары үчүн тең өлкөнүн бизнесин, биринчи кезекте экспортко жана импортту алмаштырууга багытталган ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдиришти.

Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөштөрүнүн саны 26га жетти, анын ичинен: 3 микрофинансылык компания, 1 микрокредиттик компания, 19 өнөктөш банк, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду.

Этот материал на русском языке можно прочитать по ссылке

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.