Экспортко багытталган ишканаларга кепилдиктер артыкчылыктуу тартипте берилет. Бул аларга каржылоо тартууга, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы тышкы рынокторго чыгууга жардам берет.
Быйыл январь айынан бери аймактардагы экспорттук ишканаларга берилген кепилдиктердин суммасы 134,5 млн сомго жетти. Бул колдоонун аркасында ишкерлер 333 млн сомдук кредит алып, аны өндүрүштү өнүктүрүүгө, модернизациялоого жана көлөмүн көбөйтүүгө багытташты.
Кайсы тармактар эң көп колдоо алды?
- Агроөнөр жай продукциясын кайра иштетүү - 103,5 млн сом;
- Өнөр жай - 32,7 млн сом;
- Айыл чарба - 32,6 млн сом.
Кепилдиктер аймактар боюнча кандайча бөлүштүрүлдү?
- Чүй облусу: 75,1 млн сомдон ашык кепилдик - 178,1 млн сомдон ашык кредит;
- Талас облусу: 55,9 млн сом кепилдик - 142,9 млн сом кредит;
- Баткен облусу: 1,9 млн сомго жакын кепилдик - 5 млн сом кредит;
- Жалал-Абад облусу: 1,6 млн сом кепилдик - 7 млн сом кредит.
Кепилдиктер боюнча кошумча маалымат жана кеп-кеңеш алуу үчүн 7500 номерине чалыңыз.

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.