Караколдо 16 күрөөкана жабылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы күрөөканаларды текшерди.

Караколдо 16 күрөөкана жабылды
Сүрөт: УКМК

Атайын кызматтан билдиришкендей, текшерүү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде жүргүздү.

Тергөөдө айрым күрөөканалар КРнын «Күрөөканалардын иши жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткарбагандыгы аныкталган. Алар күрөө катары жарандык паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды ж.б. катташкан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 16 күрөөканага мөөр басылып, калгандарына карата текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Ошол эле учурда, белгиленген пайыздык чендердин 30%дан жогору эмес ашыкча бааланышына жол бербөө жана «Сүткорлук иш-аракетин чектөө жөнүндө» мыйзамын сактоо максатында, ломбарддардын ээлери жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

УКМК жарандарды насыя жана башка мүлккө байланыштуу документтерди алууда, кол коюп жаткан документтерин кылдаттык менен карап чыгууга чакырат. Эгерде сиз күрөөкана кызматкерлеринин алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерине  туш болсоңуз, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына (03922 5-11-80) байланыш номери аркылуу кайрылсаңыз болот. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.