МСК салык «полициясын» түзүү долбоорун артка чакыртып алды

Мамлекеттик салык кызматы коомдук талкууга койгон салык кылмыштары менен күрөшүү боюнча атайын башкармалык түзүү боюнча токтом долбоорун артка чакыртып алды.

МСК салык «полициясын» түзүү долбоорун артка чакыртып алды
Сүрөт: Интернеттен алынды

Ведомстводон билдиришкендей, аталган токтом долбоору талкууга 2025-жылдын 7-октябрында чыгарылган.

Документ «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана министрлер кабинетинин укук коргоо органынын макамына ээ болгон Салык кызматынын органдарынын функцияларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү» деп аталып, КРнын Салык кодексинин 55-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 

МСК белгилегендей, долбоорду артка чакыртып алууда коомчулуктун пикирин эске алып, чечим кабыл алынган.

«Мамлекеттик салык кызматы жарандарга талкууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет жана кызматтын ачык диалогго даяр экенин белгилейт», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.