9-октябрга карата баалар:
- 1 грамм салмактагы куйма 12 355 сомдон 12 790,5 сомго чейин кымбаттады;
- 2 грамм — 23 404 сомдон 24 273,5 сомго чейин;
- 5 грамм — 56 658 сомдон 58 844,5 сомго чейин;
- 10 грамм — 111 381,5 сомдон 115 749,5 сомго чейин;
- унциялык (31,1035 г) — 347 452,5 сомдон 361 194 сомго чейин;
- 100 грамм — 1 128 986 сомдон 1 173 817,5 сомго чейин.
Өлчөнгөн алтын куймалары ар кандай салмак категорияларында - 1 граммдан 100 граммга чейин сатылат.
Аларды Улуттук банктын борбордук аппаратынан, анын аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле айрым коммерциялык банктардан сатып алса болот.
Октябрь айынын башында баалуу металлга болгон баанын көтөрүлүшүн эксперттер валюта курсунун өзгөрүлүп турган шартында алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашы жана инвесторлордун коопсуз аймактарга болгон кызыгуусу менен байланыштырышат.
8-октябрда дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өсүүнү улантып, жаңы тарыхый чекти жаңылап, бир унция үчүн 4000 доллардан ашты, муну Нью-Йорктогу Comex биржасындагы соода маалыматтары кабарлады.