Алтындан биржалык баасы тарыхый рекордду кайрадан жаңылады

Дүйнөдө алтындын биржалык баасы тарыхый рекорддорду жаңылоону улантууда. Кыргызстанда да бул баалуу металлга болгон баа кымбаттап жатат.

Алтындан биржалык баасы тарыхый рекордду кайрадан жаңылады
Иллюстрациялык сүрөт

16-октябрга карата таң эрте алтындын биржалык баасы тарыхый рекордду кайрадан жаңылап, бир трой унциясы 4 250 доллардан ашты.

Москва убактысы боюнча 7:28де Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын декабрь айы боюнча фьючерси мурункуга салыштырмалуу 1,19% — 49,96 долларга жогорулап, унциясы 4 251,56 долларга жеткен. Мурунку сааттарда баа рекорддук 4 254,8 долларга жеткен.

Ошол эле мезгилде күмүштүн декабрь айы боюнча фьючерси 2,01% кымбаттап, унциясы 52,41 долларга жеткен. Азыркы сааттарда анын баасы рекорддук 52,865 долларга чейин чыккан.

КРнын Улуттук банкынын 2025-жылдын 16-октябрына карата алтын бюоюнча маалыматы: 

  • 1 г куйма — сатып алуу 13 187,5 сом, сатуу 13 253,5 сом.
  • 2 г куйма — сатып алуу 25 098 сом, сатуу 25 198,5 сом.
  • 5 г куйма — сатып алуу 60 985 сом, сатуу 61 168 сом.
  • 10 г куйма — сатып алуу 120 152 сом, сатуу 120 392,5 сом.
  • 31,1035 г (1 унция) — сатып алуу 370 246 сом, сатуу 375 800 сом.
  • 100 г куйма— сатып алуу 1 185 892 сом, сатуу 1 221 468,5 сом.

Буга чейин эксперттер баанын өсүүсүн алтын куймаларын сатып алууга коомчулуктун кызыгуусу жогору экендиги  менен түшүндүрүшкөн.