Алтын менен күмүштүн биржалык баалары тарыхый рекордду жаңылады

Алтын менен күмүштүн биржалык баалары 4,6 миң жана күмүш 83 доллардан ашып, тарыхый жогорку көрсөткүчтү жаңылады.

Алтын менен күмүштүн биржалык баалары тарыхый рекордду жаңылады
Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарындагы Comex биржасында февраль айына карата алтын фьючерси 80,55 долларга же 1,79%га өсүп, 4581,45 долларга жетти. Сооданын ичинде баасы эң жогорку чекке - 4612,4 долларга жеткен.

Ал эми март айына күмүш фьючерси 5,27% өсүп, 83,522 долларга сатылган. Соода учурунда рекорддук деңгээл – 83,88 доллар байкалган.

Bloomberg агенттиги белгилегендей, өткөн жылы Дональд Трамптын администрациясынын федералдык резерв системасын көп сындап чыгышы долларга ишеничти төмөндөтүүчү негизги фактор болгон. Азыр болсо рынок ФРС башчысы Джером Пауэллдин билдирүүлөрүн талдап жатат. Анда АКШнын Юстиция министрлиги ага кылмыш жоопкерчилигин киргизиши мүмкүн деп эскертүү берген. Доллардын алсыроосу алтын баасын көтөрүүгө түрткү болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Күмүш рыногуна келсек, негизинен инвестициялык суроо-талаптын жогору болушунан 2026-жылы анын жетишсиздиги сакталып калат деп күтүлөт.

КРнын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланган 2026-жылдын 12-январына карата өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары: 

  • 1 г: сатып алуу — 13 996 сом, сатуу — 14 066 сом;
  • 2 г: сатып алуу — 26 715 сом, сатуу — 26 822 сом;
  • 5 г: сатып алуу — 65 053 сом, сатуу — 65 248 сом;
  • 10 г: сатып алуу — 127 223 сом, сатуу — 127 477,5 сом;
  • 31,1035 г (1 унция): сатып алуу — 395 096,5 сом, сатуу — 401 022,5 сом; 
  • 100 г: сатып алуу — 1 270 120,5 сом, сатуу  — 1 308 224 сом.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.