Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Июнь айында азык-түлүк канчага чыкты: аймактар боюнча статистика

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2026-жылдын 1- июнуна карата өлкөдөгү социалдык жактан маанилүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларга рыноктук чекене баалардын жумалык мониторингинин жыйынтыгын жарыялады.

Июнь айында азык-түлүк канчага чыкты: аймактар боюнча статистика
Иллюстрациялык сүрөт

Өлкөдө орточо баалар:  

  • уй эти - 739 сом кг үчүн;
  • кой эти - 754 сом кг үчүн;
  • шекер - 78 сом кг үчүн;
  • күрүч - 142 сом кг үчүн;
  • картошка - 45 сом кг үчүн;
  • сабиз - 42 сом кг үчүн;
  • пияз - 28 сом кг үчүн;
  • тоок жумурткасы - 115 сом он даанасы.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 79,4 сом, дизель майы - 91,6 сом, автогаз - 44,1 сомду түздү.

Эң кымбат уй эти Бишкекте катталды - килограммы 810 сом, эң арзаны Баткенде - 700 сом болду.

Картошка Ош шаарында эң арзансатылууда - 1 кг 37,5 сомдон, ал эми эң кымбаты Жалал-Абад менен Баткенде 50 сомдон сатылууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.